• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте саат 14:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 307 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Бишкекте 17-июлда саат 14:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 307 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык:

- Улуттук хирургия борборунда – бош орун жок;
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – орун жок;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө – 11 орун;
- №1 шаардык клиникалык ооруканада – 8 орун;
- №6 шаардык клиникалык ооруканада – бош орун жок;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – бош орун жок;
- Чүй облустук бириккен ооруканасында – 16 орун;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 3 орун;
- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 2 орун;
- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – 7 орун;
- Республикалык наркология борборунда – 40 орун;
- Улуттук госпиталь: Мобилдик клиника – 6 орун;
- Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок;
- Аскер госпиталы – 12 орун;
- Курортология жана калыбына келтирүү институту – 107 орун;
- Улуттук госпиталь: Нейрокорпус – 5 орун;
- Д.Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи – 40 орун;
- Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – 43 орун;
- Фтизиатрия борбору (КММА №6 жатакана) – 4 орун.

Пикир

Оставить комментарий