• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Саламдашуу аземи аяктагандан кийин эки өлкөнүн лидерлери чогуу сүрөткө түштү.

Пикир

Оставить комментарий