• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте салыкчылар 2,8 миң куту контрафакттык тамекини тартып алды

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 2 миң 818 куту тамеки жана бир жолу колдонулуучу электрондук тамекинин 685 бирдиги тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматы акциздик маркаларсыз тамекилерди жүгүртүүгө карата КР мыйзамдарына ылайык жаза каралгандыгын эскертет. Алсак, маркаланбаган продукциянын 500 бирдигине чейин жүгүртүүдө 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат, маркаланбаган продукциянын 500 жана андан ашык бирдиги үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий