• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. 23-25-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Спорттук жана күжүрмөн самбо самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 23-февраль, саат 10:00;

Салтанаттуу ачылышы аземи: 23-февраль, саат 16:00.

Эскерте кетсек, самбо боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана КР Самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий