• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Бавария" клубу "Тоттенхэм" командасын ири эсеп менен утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын экинчи турунда "Бавария" менен "Тоттенхэм" командалары беттешти.

Оюнду көргөн күйөрмандар 9 голго күбө болушту. Беттеш башталганда эле, 12-мүнөтүндө "Тоттенхэмдин" чабуулчусу Сон Хын Мин эсепти ачты. 3 мүнөттөн кийин германиялык клубдун оюнчусу Йозуа Киммих эсепти теңеди.

Ошондой эле, "Бавариянын" оюнчусу Левандовский оюндун 45чи жана 87-мүнөттөрүндө каршылашынын дарбазасын бош калтырган жок.

Экинчи бөлүктүн 61-мүнөтүндө айып соккудан Гарри Кейн топту тээп, гол киргизди. Бирок, кызылдардын оюнчусу Серж Гнабри 53, 55, 83, 88-мүнөттөрүндө дарбазага топ тээп, эсепти 7:2ге айлантты.

Мурунку оюнда "Бавария" "Црвена Звезда" командасын 3:0 эсебинде жеңсе, "Тоттенхэм" менен "Олимпиакос" 2:2 эсебинде тең чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий