• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Чымыр балдар» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/ 16-июнда «Чымыр балдар» сынагынын жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орун ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлоо аземине ведомствонун директору Канат Аманкулов катышты.

«Мамагенттиктин атынан активдүү катышкандыгы үчүн балдарга ыраазычылык билдирем. Биздин өлкөбүз үчүн жана ар бир ата-эне үчүн эң баалуу – биздин балдардын аманчылыгы жана ден соолугу. Дене тарбия жана спорт менен машыккандыгыңар үчүн да чоң рахмат. Жеңүүчүлөрдүн географиясы өтө кең, бул Бишкек шаары гана эмес, байгелүү орундардын ээлери Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынан да бар. Силер бардыгыңар биздин өлкөбүздүн келечегисиңер. Балдар ден соолугу чың, билимдүү, адептүү болот деп үмүттөнөбүз. Ата-энелерге балдарга көрсөткөн колдооңуздар үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз», – деп белгилеп кетти Аманкулов.

Сынактын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

Кыздар арасында (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар):

1-орун – Төлөнова Бурул, добуштардын саны – 115

Балдар арасында (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар):

1-орун – Абаев Ислам, добуштардын саны – 381

2-орун – Марсов Арсен, добуштардын саны – 133

3-орун – Бекбосунов Дастан, добуштардын саны – 15

Кыздар арасында:

1-орун – Шафатова Нагима, добуштардын саны – 4360

2-орун – Разакова Каныкей, добуштардын саны – 3149

3-орун – Ежова Эвелина, добуштардын саны – 2737

Балдар арасында:

1-орун – Абдуллаев Эмирхан, добуштардын саны – 4164

2-орун – Шамшыбеков Шер. добуштардын саны – 1588

3-орун – Мавлянов Борубай, добуштардын саны – 1111

Белгилей кетсек, «Чымыр балдар» сынагы мамагенттик тарабынан «Биздин балдар – планетанын келечеги» аталыштагы айлыктын алкагында жана Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү. Сынак эки этаптан турду: катышуучулардын табыштамаларын жана видеолорун чогултуу (28-май – 7-июнь) жана добуш берүү этабы (8-июнь – 14-июнь). Сынакка жалпысынан 111 бала катышып, жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий