• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салттуу жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.04.24./Кабар/. Бишкектеги салттуу жаа атуу боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 21-апрелде орун алган мелдешке жалпы 42 спортчу катышып, жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер

1-орун Ынтымак Мурадил уулу;
2-орун Улан Араев;
3-орун Рустам Ногойбаев.

Кыз-келиндер

1-орун Асель Садырова;
2-орун Чолпонай Умуркулова;
3-орун Татына Алакунова.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий