• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун XVI кеңешмеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVI кеңешмеси өз ишин баштайт. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын төрагалыгы астында видеоконференцбайланыш аркылуу өткөн кеңешмеде тараптар төмөндөгү маселелерди талкуулашат:

— бейтарап жана арбитраждык соттордун чечимдерин аткаруу практикасы;

— ШКУга мүчө мамлекеттердин жазык мыйзамдарын гумандаштыруу. Оң жана терс жактары;

— сотторду санариптештирүү жана сот адилеттигин ишке ашыруу процессинде IT- технологияларын колдонуу;

— ювеналдык юстиция жаатында ШКУга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы. Жашы жетпеген балдардын катышуусу менен келип чыккан талаш-тартыштарды кароо боюнча сотторду түзүү практикасы;

— массалык маалымат каражаттары жана сот системасы. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда массалык маалымат каражаттарынын таасири;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча сот практикасы жана башка маселелер.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

Белгилей кетсек, ШКУнун хартиясында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн 2006-жылы ШКУга мүчө мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын өз ара аракеттенүү институтун түзүү маанилүү кадам болгон.

ШКУга мүчө мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси ШКУнун Хартиясы, ШКУга мүчө мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын иштөө регламенти жана ШКУнун жол-жобо эрежелери менен жөнгө салынат. 2006-жылдан тартып Жогорку сотторунун төрагаларынын 15 жыйналышы өткөрүлүп, бүгүн он алтынчы кеңешме Бишкекте өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий