• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте соода борборлорундагы балдар оюн аянтчалары иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Бишкекте соода борборлорундагы балдар оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн аянтчалардын толушу 50% дан ашпашы керек, бардык санитардык нормалар сакталып, бет кап режими сөзсүз түрдө эске алынышы керек.

Эскерте кетсек, 1-апрелден тартып Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу эпидемиологияга жана эпизоотикага каршы шаардык өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын чечими менен соода борборлорундагы балдар оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий