• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тай бокс боюнча Кыргызстандын XVI ачык чемпионаты аяктады

Спорт 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бишкекте тай бокс боюнча Кыргызстандын XVI ачык чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 25-28-март аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Мелдешке өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 336 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана КР “Муайтай” тай боксу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий