• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров хет-трик жасады. Президенттин администрациясы спорттук федерацияны жеңди

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук мелдешинде Садыр Жапаров баштаган президенттин администрациясы спорттук федерациянын командасын 3:2 эсебинде утуп алды.

Буга чейин “Өнөр” командасы менен президенттин администрациясы 2:2 эсебинде тең чыкса, бизнес-коомчулугу "Алга" командасын 2:0 эсебинде утту.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.

Оюндар “Спорт” (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылууда.

Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки топко бөлүндү:

А тобу:
- Алга;
- Бизнес-коомчулугу;
- ЖМК.
В тобу:
- Президенттин администрациясы;
- Федерация;
- Өнөр.

Пикир

Оставить комментарий