• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте таяк тартыш боюнча республикалык чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бишкекте таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 15-16-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду.

Чемпионатка өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 300дөн ашык спортчу катышты.

Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Таяк тартыш федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий