• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тез жардам көрсөтүү боюнча Улуттук мелдештер өттү

Коом 0

Бишкек, 05.09.17. /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкектен алыс эмес “Беш-Күнгөй” лагеринде Кыргызстандын аймактарынын жогорку класстарынын окуучуларынын арасында тез жардам көрсөтүү боюнча мелдештер өттү.

Ага 7 аймактан жана Бишкек шаарынан командалар катышышты.

Башкы максаты – Кыргызстандын аймактарындагы окуучулардын достук мамилелерин бекемдөө болуп саналат.

Биринчи орунду Бишкек шаарынын (№66 мектеп) жана Чүй облусунун командалары бөлүшүштү. Экинчи орунда Нарын, Талас, Ысык-Көл; үчүнчү орунда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын командалары турат.

Мелдештин катышуучуларына жабыркагандарга тез жардам көрсөтүү, алар менен байланышта болуп, абалдарын көзөмөлдөө жана психологиялык колдоо көрсөтүү сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий