• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өткөн бош орундар жарманкесинде 6 миң вакансия сунушталды

Коом 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери, бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш жана кесип жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага эмгек министри Кудайберген Базарбаев катышты. Куттуктоо сөзүндө министр, учурда мамлекет тарабынан калкты иш менен камсыз кылуу жаатында жигердүү чаралар көрүлүп жатканын, анын бир мисалы болуп, мамлекеттик жана жеке ишканалар жарандарга 6 миң вакансия сунуштаганын белгиледи.

Жумуш жана кесип жарманкесине өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. чөйрөлөрүнөн 2 миң вакансия берген 50 компания чыкырылган. Андан тышкары, Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан Бишкек шаары боюнча 3,5 миң жана республиканын аймактарынан 1,3 миң вакансия сунушталган. Жалпысынан 6 миңден ашык вакансия сунушталды.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс-маектешүүлөрдү өткөрүштү, жарандар ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар (жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик окутуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, жумушсуздук боюнча жөлөкпул ж.б.у.с.), эмгек мыйзамдары, иш берүүчү менен алгачкы аңгемелешүүдөн өтүү боюнча кеңештерди алышты. Тез арада маектешүүнү камсыз кылуу максатында резюмелерди түзүүдө жана басып чыгарууда жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле кесип тандоону чече элек мектеп бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүү боюнча консультацияларды алышты, алардын кызыкчылыктарын жана компетенцияларын аныктоого жардам бере турган кесипке багыт берүү тесттеринен өтүштү, жөндөмдүүлүктөрүн жана көндүмдөрүн ачкан кесипке багыт берүү оюндарына катышты.

Жарманкенин жүрүшүндө белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, HR-менеджерлери абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.

Пикир

Оставить комментарий