• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 12.12.18./Кабар/. Бишкекте тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир аякталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган мелдеш 6-11-декабрь күндөрү К. Өмүралиев атындагы спорт комплексинде өттү.

Бул мелдешке Кыргызстандын жети облусунан жана Түркия, Түштүк Корея, Өзбекстандан келген 250 спортчу катышты.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Токсонбай Асанов жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып болочокто да ийгилик коштоосун тиледи.

“Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өлкөдө көп иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш да 90 жылдыкка арналып өтүүдө. Бул иш-чара өтө жоопкерчиликтүү. Себеби, бүгүн мелдештин гана жеңүүчүлөрүн эмес, тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк биринчиликтин катышуучуларын да аныктадык. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биздин спортчулар жакшы жыйынтык көрсөткөнү үчүн машыктыруучуларга ыраазычылык айтам”, - деди ал.

Белгилей кетсек, мелдеште байгелүү орундардын баарын кыргызстандык спортчулар жеңип алды.

Эркектер арасындагы байге ээлери:

1. Муратали Исмоилов;

2. Анарбек Жамакеев;

3. Жумамүдүн Курмангалиев;

Кыз-келиндер арасында:

1. Айзада Бактыбекова;

2. Алтынай Шамбетова;

3. Гулжамал Сарыкеева.

Мындан сырткары Тогуз коргоол боюнча федерация мыктыларды аныктады:

«Жылдын мыкты машыктыруучусу» – Дурусбек Ашимов;

«Жылдын мыкты калысы» – Нурдин Чоро уулу;

«Жылдын мыкты спортчусу» – Сырттан Сыргак уулу;

«Жылдын мыкты спортчусу» – Айзада Бактыбекова.

Пикир

Оставить комментарий