• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тоноочулукка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Бишкекте тоноочулукка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициянын билдиргени боюнча, 14-октябрь күнү Биринчи май райондук милициясына А.Б. аттуу жаран кайрылып, 14-октябрь күнү болжол менен саат 00:50дө Батыш автобекетинин жанында белгисиз бирөөлөр күч колдонуп 4,8 миң сом акчасы жана банк картасы салынган капчыгын тартып алганын билдирген.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 201-беренеси боюнча ("Тоноо") сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Бул ишке шектүү катары 20 жаштагы Э.С. аттуу жаран кармалды. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп билдиришти милициядан.

Учурда кошумча тергөө иштери жүрүп, кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий