• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте тоо булбулу Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында тоо булбулу атыккан Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров башында турган Муса Баетовдун жердештери, туугандары жана ыр күйөрмандары катышты.

Министр Алтынбек Максутов мааракени ачып жатып, Муса Баетовдун чыгармалары азыркы күндө да жаңы образ, жаңыча стиль менен чыгармачыл адамдардын аткаруусунда эл арасында жашап келерин, кыргыз барда, кыргыз музыкасы барда Муса Баетовдун ысымы түбөлүккө өчпөй жашай берерин белгиледи.

Иш-чаранын концерттик бөлүгүндө анын калемине жана обонуна таандык "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам", “Ойгоном”, “Эсимде” деген сыяктуу ырлар К. Орозов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамбли, А.Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик "Эл шайырлар" тобу, “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобу жана Токтобек Асаналиев, Аксай Муканбетов, Аскат Мусабеков, Өскөн Дүйшембиев жана башкалар тарабынан жогорку денгээлде аткарылды.

Иш- чаранын жүрүшүндө Муса Баетовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Эске салсак, Муса Баетовдун өзүнүн үнү менен 1948-жылы Москвадан жазылган жыйырмадан ашуун обондуу ырлары кыргыз музыкасынын алтын казынасына айланган. Азыр да Муса Баетовдун ырлары кыргыз сахналарынан, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда өнөр адамдары тарабынан үзгүлтүксүз аткарылып келет.

Пикир

Оставить комментарий