• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө айдоочулардын жүрүм-турумуна, унаалардын кышка даярдыгына, жол эрежесин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган троллейбус айдоочуларына жана салондо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус пайдаланбагандарга эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, текшерүүнү Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери Жол коопсуздугунун кызматкерлери менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий