• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте троллейбустардан беткапсыз жүргүнчүлөр сыртка чыгарылууда - видео

Коом 0


Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы жүргүнчүлөр арасында беткап кийүү боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу видеону аталган башкармалык өзүнүн facebook баракчасына жүктөдү.

Иш-чара Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүүдө. Шаардык мэрия жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери троллейбустардын ичинде санитардык талаптардын аткарылышын, анын ичинде беткап тагынуу эрежеси сакталып жатканын текшерүүдө.

"Тийиштүү кызматкерлер жүргүнчүлөрдө беткап жок болсо, анда аны троллейбустан чыгып, дарыканадан беткапты сатып алуусун суранууда. Андан кийин коомдук унаага кирүүгө уруксат берилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий