• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тротуарлар жана жолдорду оңдоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бишкекте тротуарлар жана жолдорду оңдоо уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,төмөнкү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө:

  • Манас проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарларды оңдоо иштери жүрүүдө.
  • Дыйкан көчөсүндө жолду асфальттоо иштеринин 70%ы бүтүп, калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүүдө.
  • Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сейил бакта таман таш төшөө үчүн тротуарларды даярдоо иштери жүргүзүлүп, сейил бакта ирригациялык тармактар алмаштырылды.
  • Мыскал көчөсүндө жол иштери 60%га бүткөрүлдү.
  • Алтын-Ордо- 3 көчөсүндө («Алтын Ордо» жаңы конушу) жолго асфальт төшөө иштери аяктап, жолдун эки тарабына сугат лотокторунун курулушу бүткөрүлдү, азыркы тапта чыгыш тарабында тротуар куруу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек ШИИББнин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн көрсөтмөсү жана буйругуна ылайык, шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринде режим өзгөргөн учурда алдын алуу максатында күн сайын жол белгилерин ширетүү, оңдоо, алмаштыруу, орнотуу жана жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий