• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте унаа уурдаган балдардын тобу Кеминде кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бишкекте унаа уурдаган балдардын тобу Кеминде кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июлдан 25-июлга караган түнү Аламүдүн-1 кичи районун 48-үйүнүн тушунан белгисиз адамдар "Мерседес-бенц" үлгүсүндөгү унааны айдап, из жашырып кетишкен.

25-26июль күндөрү Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаранын алкагында 25-июль күнү саат 12:30 чамаларында Кемин райондук милициясы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар 2005-жылы туулган К.Р.З, 2004-жылы туулган А.уулу Ж. жана 2006-жылы туулган Т.Р.М. аттуу жаран болушкан.

"Кармалгандар жарандар кармалып Кемин РИИБдин тергөө кызматына өткөзүлүп берилгенин, ал эми унаа Кемин районун атайын унаа токтотуучу жайына токтотулду. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий