• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте унаанын дөңгөлөгүн жана катализаторун уурдоого шектелип 44 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Бишкекте унаанын дөңгөлөгүн жана катализаторун уурдоого шектелип 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 26-январда болжол менен саат 06:10до "102" кызматына Павлов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен унаанын дөңгөлөгүн чечип кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Анда Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин "Гольф 3" үлгүсүндөгү автоунаасынын 2 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип, уурдап кетишкен. Ошондой эле 14 миң сомдук зыян келтирилген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 44 жаштагы К.А. аттуу жаранды кармаган. Кармоо учурунда шектүү Mercedes-Benz унаанын катализаторун алуу максатында унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен колго түшкөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурдоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий