• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте V түрк тасмалар жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 16-20-октябрь күндөрү V түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу КР Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Түркиянын Маданият жана Туризм министрлигинин алдындагы киноматография департаментинин салымы жана Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже” ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Саамалык "Манас" кинотеатрында режиссер Мехмет Ада Өзтекин тарабынан тасмага түшүрүлгөн “7-Камерадагы мужиза” тасмасын көрсөтүү менен башталат. Ошондой эле “Баскетбол шакекчеси”, “Маузер”, “Сүйүүнүн өмүрү” жана анимациялык “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” тасмалары акысыз көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий