• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңсоо тилинде "Mute" кыска метраждуу тасманын бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. 24-майда Бишкекте Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө жаңсоо тилинде социалдык темадагы "Mute" кыска метраждуу көркөм тасманын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Тасма Борбор Азиядагы миграция коопсуздугу боюнча Winrock International тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан USAID долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

"Mute" тасмасы – англисчеден которгондо “үнсүз” дегенди түшүндүрөт, иш табууда кыйынчылыктарга кабылган кулагы начар уккан Эркинай менен Канаттын тагдырын чагылдырат. Көпчүлүк жаштардай эле, тасманын каармандары угуу жөндөмдүүлүгүнө карабастан, чет өлкөгө иштегени кетүүгө аракет кылышат. Тасмага кулагы начар уккан чыныгы каармандар тартылган.

Тасма мыйзамсыз миграцияга кетүүнү көздөгөн, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн көрсөтүү, кулагы укпаган адамдар үчүн мыйзамсыз миграциянын оор кесепеттери жөнүндө эскертүү, маалыматтын жеткиликсиздигинен улам угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды обочолонтуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында тартылган.

Тасманын режиссеру Өмүрбек Нурдинов, ал эми продюсери Арген Адил уулу.

Пикир

Оставить комментарий