• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарында бүгүн, 17-февралдан тарта 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамга чыкты.

Мериядан билдиришкендей, бүгүндөн баштап бекитилген маршруттар боюнча №38, 42, 48 жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Белгилей кетсек, жапызполдуу автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар.

Мындан тышкары, ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон — 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№ 48 автобус (Батыш автобекети - Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан сатып алынган газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту каттамдарга бөлүштүргөн.

Белгилей кетсек, күн мурун, 16-февралда “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын Транспорт департаменти автобустар каттамга эмки жумадан тарта чыгары пландалып, учурда документтештирүү жана номерлерди алуу процедуралары жүрүп жаткандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий