• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңы беш жылдыздуу Sheraton конок үйү ачылат

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Бишкекте жаңы беш жылдыздуу Sheraton конок үйү ачылат. Бүгүн бул боюнча салтанаттуу түрдө расмий кол коюу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага маданият, маалымат жаан туризм министри Азамат Жамангулов, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камиль Фырат жана инвесторлор катышты.

Жамангулов өз сөзүндө Кыргызстан туристтик өлкө болгондуктан инфраструктуранын активдүү өнүгүшү жана бийик деңгээлдеги конок үйүнүн ачылуусу абдан маанилүү экендигин белгиледи.

"Келген конокторго меймандостуктун жана кызмат көрсөтүүнүн бийик деңгээлин көрсөтүү биздин негизги максат. Биз биргеликте ушул максаттарды ишке ашырабыз", - деди министр.

Суракматов белгилегендей, бул Бишкек шаары үчүн абдан маанилүү иш-чара. Ушундай белгилүү бренддердин шаарга келиши, Бишкек шаарынын инвесторлорго кызыктуу болгондугун көрсөтөт.

"Бул президент жана өкмөт тарабынан Бишкек шаары инвесторлор үчүн кызыктуу, инвестициялар үчүн ачык болушу жана инвесторлордун эркин өнүгүүсү үчүн туура саясат жүргүзүп жаткандыгын көрсөтөт", - деп кошумчалады мэр.

Отельдин ачылышы 2019-жылдын башына пландалган.

Пикир

Оставить комментарий