• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги мектептердин биринде Айтматовдун кабинет-музейи ачылды (фото)

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Бишкектеги №63 мектеп-гимназиясында жазуучу Чынгыз Айтматовдун кабинет-музейи ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева музейдин ачылышы менен куттуктап, мектепке жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын белек кылды.

Мектеп директору келген коноктор үчүн экскурсия өткөрүп, музейдин негизделүүсү тууралуу айтып берди.

Музейде жазуучунун жеке оокаттары, чыгармалары жана архивдик документтери тартууланган.

Пикир

Оставить комментарий