• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Чүйдө катуу шамалдын кесепетинен 24 адам жабыркады

Ден соолук 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда орун алган катуу шамалдын кесепетинен жабыркагандардын саны 24 адамды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргоо секторунун башкы адиси Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, ооруканаларга 24 адам кайрылып, анын төртөө жаткырылса, калгандарына амбултордук жардам көрсөтүлдү.

“Жабырлануучулардын биринин абалы орточо оор, калгандарынын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Жабырлануучулардын көбү башынан жана денесинен сыйрылган, кесилген жаракаттарды алышкан, биринин жамбаш сөөгү сынган”, - деди ал

Эскерте кетсек, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий