• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда кызамык илдетин алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кызамык илдетин алдын алуу жана кургак учук менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана аймактык башкармалыктардын башчылары, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында акыркы убакта балдар арасында кызамык оорусунун күч алгандыгы белгиленип, акыркы 3 айда Жалал-Абад шаары боюнча 176 учур катталгандыгы айтылып, балдарды эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Мындан сырткары, кургак учуктун бир айлыгынын алкагында иш-чаралар планы бекитилип, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Соңунда кызамык жана кургак учуктун алдын алуу боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү тапшырмалары тиешелүү жетекчилерге берилди.

Белгилей кетсек, 14-марттан тарта Жалал-Абад шаары боюнча кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталып, бүгүнкү күнгө карата шаар боюнча балдарды эмдөөдөн өткөрүү көрсөткүчү 58%га жеткен.

Пикир

Оставить комментарий