• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда

Муниципалитеттен билдиришкендей, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилерин бойлой Түндүк көчөсүнө чейин 50 жарнама конструкциясы, анын ичинде 8 жарнама тактасы жана 42 баннер демонтаждалды.

Ошондой эле Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн күркө жана Түштүк-2 кичирайонунда жайгашкан жалпы аянты 40 чарчы метр болгон контейнер ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Иштер шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий