• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жер мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Бишкекте Биринчи май районунун башчынын орун басары Чыңгыз Байсовдун төрагалыгы астында жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйынга “Бишкекбашкыархитектура”, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Биринчи май райондук милициясынын, Айыл чарба министрлигинин жер-суу көзөмөлдөө кызматынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жыйында мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоону камсыздоо жана КР жер мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Мыйзамсыз жер басып алгандарды, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында жер участокторун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган адамдарды аныктоо жана КР мыйзамдарына ылайык тартип бузуучуларга чара көрүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, аталган комиссия президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “ Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын жана Бишкек мэриясынын 2022-жылдын 10-июнундагы № 96 “Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди өз алдынча басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий