• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жер тилкесин пайдалануу укугуна аукцион башталды

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 5 жылдык мөөнөткө жер участогун пайдалануу укугун берүү үчүн аукцион жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аукционго Орозбеков көчөсүндө, 72 административдик имаратты долбоорлоо жана куруу үчүн жер участогун пайдалануу укугу муниципалитетке имарат аянтынын 10% берүү шарты менен берилет. Жер тилкенин аянты – 0,4033 га.

Баштапкы ижара акысы жылына 5 млн сом, баштапкы ижара акысынын 50% өлчөмүндөгү кепилдик төлөмү – 2,5 млн сом. Ошондой эле аукциондук кадам белгиленген – жер тилкесинин баштапкы баасынын 20%.

Токомбаев көчөсүндө тосулган турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкеси коюлган. Участоктун аянты - 3,66 га.

Баштапкы ижара акысы жылына 10 млн сом, баштапкы ижара акысынын 50% кепилдик төлөмү – 5 млн сом. Аукциондун кадамы – жер участогунун баштапкы баасынын 20%

Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Түштүк Чоң Чүй каналынын кесилишиндеги социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объектилери бар көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн жер участогу, шаардык мэрияга 10% турак жай аянтын берүү шарты менен, ошондой эле КР колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жер участогун сатып алуу шарты менен. Участоктун аянты – 4,891 га.

Баштапкы ижара акысы жылына 15 млн сом, баштапкы ижара акысынын 50% кепилдик төгүмү – 7,5 млн сом. Аукциондук кадам – жер участогунун баштапкы баасынын 20%.

Онлайн-аукцион электрондук соода аянтчасында башталды: https://etp.okmot.kg/msu//. Кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн 0312 45 51 12 номери боюнча кайрылсаңыздар болот. Департаменттин дареги: Чокморов көчөсү, 246.

Пикир

Оставить комментарий