• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте ЖККУнун XV жыйыны өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Эртең, 8-июнда, Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) аскердик-экномикалык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйыны өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык кызматташуу багытындагы актуалдуу маселелер каралат.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин, Армения Республикасынын Коргоо министринин орун басары Давид Пахчанян, Беларусь Республикасынын аскердик-өндүрүш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Пантус, Казакстан Республикасынын Коргоо министринин орун басары Талгат Жанжуменов, Тажикстан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шавкат Бобозода жана ЖККУ баш катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат.

ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий