• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкмөттүн жыйынында бюджетке бир жыл ичинде экинчи жолу өзгөртүү киргизүү маселеси каралат - Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Өкмөттүн жыйынында бюджетке бир жыл ичинде экинчи жолу өзгөртүү киргизүү маселеси каралат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бюджеттин дефицити 35,6 млрд сомду түзөт.

"Бюджеттин киреше бөлүгү 137,1 млрд сом, чыгашасы 172,6 млрд сомду түзүүдө. Абал оор болууда. 2020-жылдын 9 ай ичинде ИДП 6%га төмөндөп кеткен", - дейт премьер.

Жапаров айыл чарба тармагында гана өсүү болуп, калгандарында төмөндөө байкалып жатканын белгилеп өттү. Мындан улам өкмөт башчы министрлерди абалды турукташтырууга, ишкерлерди колдоого жана негизги азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөөгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий