• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Бишкекте жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери Биринчи май районундагы 8 объектте курулуш иштерин жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Жаш Гвардия бульварынын Жибек Жолу проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки тротуардын кыртышы даярдалып, жолдогу чек таштары жана ирригация системасы орнотулду. Жакынкы күндөрү асфальт-бетон төшөө иштери башталып, объект бүткөрүлөт.

Көлмө конушунда Максат, Илим, Тынчтык жана Айкөл көчөлөрүнүн жолдорун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Тынчтык көчөсүн бойлой Мыскал көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин ирригация системасын орнотуу иштери аяктады. Учурда Максат көчөсү Мыскал көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейинки жолдун кыртышын даярдоо жана лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Илим көчөсүн бойлой Мыскал көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жердин кыртышын даярдоо жана таптоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле, Айкөл көчөсү Республика көчөсүнөн Жаз көчөсүнө чейин сугат лотоктору орнотулат.

Ак-Босого конушундагы Чүй 41 көчөсүндөгү аллеяда көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жөө адамдар өтүүчү жолго чек таштары орнотулуп, асфальт-бетон аралашмасын төшөөгө даярдалууда.

Ананиев көчөсү Исанов көчөсүнөн Самар көчөсүнө чейин асфальт-бетон төшөө иштери бүткөрүлүп, жол пайдаланууга берилди.

Игембердиев көчөсү Кулатов көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин эски асфальт катмары алынып, бул жерге да жол салынат.

Жибек Жолу проспектисиндеги Батыш автобекетинин жанында унаалар башаламан топтолбошу үчүн бордюрлар орнотулууда, бир жуманын ичинде асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий