• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан сугат суу менен 78% гана камсыздалган

Коом 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстан айдоо аянттарын 75-78% гана сугат суу менен камсыздай алат. КРнын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев сугат сууну толук көлөмдө жеткирүү үчүн кандай көйгөйлөр бар экенин айтып берди.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө билдиргендей, дыйкандарды суу менен камсыз кылуу суу жеткирүү булактарынан көз каранды.

Эгерде айдоо аянттары суу сактоочу – жөнгө салынуучу булактардан сугарылса, дыйкандар керектүү көлөмдө сугат суу ала алышат.

Эгерде дыйкандар өз жерлерин жөнгө салууга дуушар болбогон жаратылыш булактарынын эсебинен суугарышса, алар көйгөйлүү сандын 25-22% кирип калат.

“Суугаруу мезгилинин башында жаратылыш булактарындагы суунун көлөмү керектүү болгондон эки эсе аз болот. Бул булактарда керектүү суунун көлөмү майда гана топтолот. Булактарда суунун көлөмүн жөнгө салууга мүмкүн болгон кезде 100% камсыздоону кепил кылса болот”,-деп түшүндүрдү ал.

Департаменттин башчысынын айтуусунда аталган көйгөйдү чечүү үчүн жөнгө салууга мүмкүн болгон булактарды салуу керек, бул чоң чыгымды талап кылат.

Пикир

Оставить комментарий