• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жылуулукту өчүрүү чечими 25-марттан кийин каралат

Коом 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарында жылуулукту өчүрүү боюнча чечим 25-марттан кийин кабыл алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидрометборборунун маалыматы боюнча, 25-мартка чейин аба ырайынын орточо температурасы +8 градустан ашпайт.

Белгиленген тартип боюнча, 5 күн катары менен орточо аба температурасы +8 градустан өйдө болгон учурда жылуулук өчүрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий