• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Түндүк электр” 9 айда 5,6 млрд сом чогултту

Коом 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын тогуз айынын ичинде “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4,1 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 412,8 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 5,3 млрд. сомду түзүп, анын 5,6 млрд. сому (105,6 %) чогултулган.

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,2 % түздү, бул 2016-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 0,19 % аз.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 111,4 %,

өндүрүштүк объектилер – 101,7 %,

бюджеттик уюмдар – 101,9 %

айыл чарба объектилер – 98,8 %,

жана башка керектөөчүлөр – 99,5 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу сегиз ай боюнча төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 107,9 %

Чүй облусунда – 113,9 %

Талас облусунда – 121,2 %

Пикир

Оставить комментарий