• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №16 бала бакчада оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Бишкектеги №16 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала-бакчаны оңдоо иштери 80 пайызга аяктады.

Мэриядан белгилешкендей, учурда демонтаждоо, чатырды орнотуу, терезелерди орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп, пол орнотулуп, ички жасалгалоо иштери аткарылды. Ошондой эле жылытуу системасы алмаштырылды, электр кабелдерин монтаждоо, тышкы тармактарды төшөө, фасадды жасалгалоо, таман таштарды төшөө иштери жүргүзүлдү. Санитардык түйүндөрдү, көлөкө чатырчылырын орнотуу жана аймакты тосуу боюнча иштер аяктоодо.

Мектепке чейинки мекеме 6 топко ылайыкталган. Бала бакчада жыйындар залы жана жабдылган медициналык кабинеттер каралган. Жайлардын аянты 1 миң 61 чарчы метрди түзөт.

Мындан тышкары, айланасы жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп, ар бир топ үчүн балдар аянтчалары орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий