• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жарандары үчүн АКШнын туристтик визасын 10 жылга чейин узартуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. 3-декабрда Чикагодо Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АКШда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин, консулдук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде туристтик визалардын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу, ошондой эле АКШнын Бишкектеги элчилигинде АКШ визасы үчүн маектешүүнүн күнүмдүк өтүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Белгиленгендей, жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган: 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610. Телефон: 312 994 2416, 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7) Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий