• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүй облусунда баш калкалап жаткан 69 жаран Баткенге жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Чүй облусуна эвакуацияланган 69 жаран жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган унаа менен Баткенге жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар облустун Аламүдүн районундагы Байтик айылында №47-кесиптик лицейинин жатаканасына, Таш-Дөбө айылындагы "Кампус" жатаканасына жайгаштырылган.

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Достук, Карабак, Кулунду, Таш-Тумшук, Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынан келген 69 жаран 4 кичи автобус менен жеткирилет. Ал эми унааларга кетүүчү күйүүчү майды ӨКМ камсыздап жатат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий