• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 13-апрелден 15-апрелге чейин жол кыймылына чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын формалсыз жолугушуусун өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте унаа кыймылы үчүн чектөө киргизилет.

ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы (ПМББ) 2017-жылы 13-апрелден 15-апрелге чейин айрым тилкелердеги, анын ичинде Фучик көчөсү, Жибек-Жолу, Чүй, Айтматов проспектилеринде, Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө унаалар үчүн убактылуу чектөө коюларын маалымдайт.

ПМББ бардык жарандардан жана шаардын конокторунан мындай аракетке туура түшүнүүнү өтүнүп, жол кыймылынын альтернативдүү маршрутун тандоосун суранат.

Жол чектөөлөрүнө байланыштуу унааңыздарды үйүңүзгө калтырып, коомдук транспортту пайдалансаңыздар болот

Дүйнө жүзүндө ири эл аралык конференциялар, саммиттер өтүп, милиция кызматкерлери коопсуздук күчтөрүн күчөтүп жатышат. Мындай коопсуздук чаралары учурунда ченелүү убакыттарда жолдорду жапканга туура келет. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумуна ЖККУнун мамлекет башчылары дагы бейрасмий түрдө катышат. Жол чектөөлөрүнө байланыштуу унааңыздарды үйүңүзгө калтырып, коомдук транспортту пайдалансаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий