• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртеңден тарта тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.01.23. /Кабар/. Эртеңден тарта Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын төмөнкү тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

— "Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу" автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында,

— "Ала-Бука - Каныш-Кыя" автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

—"Красная-Горка - Акташ" автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында.

"Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий