• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттикке талапкерлигин 4 адам көрсөттү - БШК

Коом 0

Бишкек, 27-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Борборшайкомго президенттикке талапкерлигин 4 адам көрсөттү. “Кабар” агенттигине КР БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, алардын баары тиешелүү документтерди өткөрүштү.

Анын айтымында, талапкерлердин арасында Темир Сариев “Ак-Шумкар” партиясынын саясий кеңеши тарабынан, өзүн өзү көрсөткөндөр Назарбек Нышанов, Арстанбек Абдылдаев жана «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев.

Мындан тышкары, БШК башчысынын орун басары түшүндүргөндөй, укук коргоочу Рита Карасартова дагы талапкер болууну каалаган. “Бирок, анын айрым документтерди жетишсиз болгондуктан, ага аларды толуктоо сунушталды”, - деди ал.

Ошондой эле, бүгүнкү күнү аккредитацияга 84 ЖМК жана интернет-басылмалар билдирме калтырышкан.

“Алардын ичинен биздин талаптарга 41 гана жооп берет, алардын ичинен 4 интернет-басылма, калган ТВ, радио жана башкалар”, - деп билдирди Бекматов.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий