• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №148 бала бакчанын директору Жамиля Токтосунова мезгилсиз дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарындагы №148 бала бакчанын директору, “Билим берүүнүн мыктысы” Жамил Токтосунова я 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Токтосунова Жамиля Ишембековна 1957-жылы 28-январда Ысык-Кѳл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылында жөнөкөй кыргыздын бир үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1964-жылдан 1974-жылга чейин Т.Г. Щевченко атындагы Михайловка орто мектебинде билим алган. Мектепти ийгиликтүү аяктап, 1975-жылдын 1980-жылга чейин Фрунзедеги В. В. Маяковский атындагы педагогикалык институтунун орус тил жана адабияты адистигине окууга тапшырып, аны үлгүлүү бүтүрүп, “орус тил жана адабиятынын мугалими” кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун 1981-1982-жылдарда Бишкек шаарынын №98 бала бакчасында жөнөкөй тарбиячы катары иштен баштаган.

1982-жылдын №1 Аламүдүн орто метебине ишке чакырылып, анда 1988-жылга чейин жөнөкөй башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенген, 1989-жылдан 1994-жылдарга чейин №85, 82, 7, 161, 71, 173 бала бакчаларда тарбиячы, методист, тилчи мугалим болгон, анан 1995-жылы сентябрь айында №157 бала бакчага директор болуп дайындалган. 2012-жылга чеин кѳптѳгѳн бала бакчаларда тарбиячыдан директорлукка чейин болгон кызматтарды аркалап келген.

Жамиля Ишембековна ушул күнгө чейин Бишкек шаарынын Октябрь районунун №148 бала бакчаны жетектеп келди. Ал, бала бакчанын жана мектепке чейин билим берүү тармагынын калыптанышына өзүнүн салымын кошкон. Айрыкча, бала бакчаны акыркы заманбап техникалар жана технологиялар менен, ошондой эле, бала бакчанын имараттын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө зор салып кошконун өзгөчө белгилеп айтса болот.

Жамиля Ишембековнанын билим берүүгө, илимге сиңирген эмгеги бааланып, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Октябрь районунун мамлекеттик администрациясынын, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын кыргыз тилди ѳнүктүрүү грамоталары жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Жамиля Ишембековнанын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, кесиптештерине, досторуна министрликтин жамаатынын жана билим берүү тармагындагы кесиптештеринин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

К.А. Исаков, Ж. А. Ташиев, Н. К. Омуров, Н. С. Джусупбекова, П. Б. Түркбаев, М. Ж. Усеналиев.

Пикир

Оставить комментарий