• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №31 бала бакчада реконструкциялоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Капиталдык курулуш башкармалыгы 105 орунга ылайыкталган №31 бала бакчада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо, анын ичинде ички жана тышкы инженердик тармактарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Мекеме, негизги имараттан жана өзүнчө көмөкчү жайлар, чарбалык блоктордон ошондой эле ашканадан турат. Негизги имараттын аянты 993 чарчы метр.

Эске салсак, бала бакча 2019-жылдын ноябрь айында 1-кабаттын жыгач конструкциясынын шыбы түндө кулап кеткендиктен жабылган.

Бала бакчаны реконструкциялоо боюнча 2022-жылдын 11-ноябрында «Табан» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий