• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги имараттардын фасаддары жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Бишкектеги имараттардын фасаддары жаңыланууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунда Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы чарбалык субъекттердин кире бериши, маалымат түзүмдөрү жана жарнак такталары демонтаждалгандан кийин «Бишкек башкыархитектура» муниципалдык ишканасынын эскиздик долбооруна ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттер өздөрүнүн фасаддарын иретке келтире башташты.

Алсак, №16, 18, 24а, 32, 40, 50, 54, 58, 64а даректеги имараттарында фасад иштери жүрүп жатат.

Свердлов районунда Абдрахманов көчөсүндөгү №135, 129 үйлөрдүн фасадын сырдоо иштери жүрүп жатат, ал эми №119 үйдүн фасадын жаңылоо пландалууда.

Ленин районунда азыркы күнгө карата Дэн Сяопин 2, Ю.Фучик пр.1а, Чүй пр.186, 194 жана Манас пр.22 даректеринде иштер аяктады.

Белгилей кетсек, буга чейин акимчиликтин кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИ, Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы МАБ менен биргеликте чарбалык субъектилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле эскиздик долбоорлорун таратышкан.

Ишкерлер архитектуралык-көркөм концепцияга ылайык мындай иш-чараларды түшүнүү жана колдоо менен кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий