• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги Кыргызстан — Татарстандын ортосундагы бизнес-форумга 80ге жакын компания катышты

Экономика 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Бишкекте өткөн Кыргызстандын жана Татарстандын компанияларынын катышуусундагы бизнес-форумга 80ге жакын компания катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирет.

Маалыматка ылайык, Россиялык тараптын Кыргызстанга болгон бизнес-миссиясынын алкагында уюштурулган иш-чара бүгүн, 27-августта болду.

Татарстандын делегациясынын курамына айыл жана токой чарба (экспорт/импорт), курулуш жана курулуш жабдуулары, кыймылсыз мүлк, тоо-кен жана металлургия, газ жана суу менен камсыздоо, мунай продуктулары, машина куруу, дары-дармек тармагы, ижара жана жайларды башкаруу, сулуулук индустриясы жана гигиеналык, кир жуучу каражаттар тармактарынан 30га чукул компаниялар катышты.

Кыргыз тараптан форумга эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүүгө кызыкдар 60га жакын компаниялардын өкүлдөрү келген.

Бизнес-миссия 30-августта соңуна чыгат.

Пикир

Оставить комментарий