• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сауд Аравияда Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалына арналган иш-чара өттү

Экономика 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Сауд Аравия Падышачылыгында (САП) Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын экспорттук потенциалы жана алгылыктуу долбоорлору жөнүндө таанытым уюштурулду. Кооз жаратылышты, кыргыз элинин маданиятын, салт-санаасын чагылдырган фото сүрөттөр коюлду.

Кыргызстан жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле, өлкөнүн туризм тармагына дагы, инвестиция тартуучулук жагына дагы тиешелүү бардык артыкчылыктарын айтып берүүгө аракет жасалган.

Иш-чарада элчи Марипов өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамиленин динамикалуу түрдө өнүгүп жатканы, КРдагы реформалар жана өкмөттүн чет элдик инвесторлорго жайлуу шарттарды түзүү берүү аракети тууралуу маалымат берген.

Ошондой эле ал КР менен САПтын ортосунда ачылган үзгүлтүксүз каттамдар жөнүндө сөз кылып, саудиялык досторду жана өнөктөштөрдү бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстанды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырган.

Келген коноктор кызматташууга болгон кызыкдарлыгын белгилеп, жакынкы убактарда Кыргызстанды барып көрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган иш-чарага САПтын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, илимий жана ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана журналисттер кызыгуу менен келип катышты.

Пикир

Оставить комментарий