• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө – мэрия

Коом 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайлык, учурда мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Кривоносов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан 4 кабаттуу мыйзамсыз курулушту түрттүрүү иштерин баштады.

“Объектинин ээсине көп жолу эскертүү берилген, бирок ал эскертүүлөрдү четке кагып, курулушун уланта берген. Учурда бул объектинин үчүнчү кабаты көтөрүлүп калган”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган иш Жогорку сотто каралып, токтом шаардын пайдасына чечилген.

Пикир

Оставить комментарий